Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:49

Ооганстан жана Иран келишимге кол коёт


Ооганстан президенти Хамид Карзай расмий Кабул жана Тегеран жакынкы аралыкта саясий, экономикалык жана коопсуздук жаатында кызматташтыкты камтыган келишимге кол коёрун билдирди.

Мындай билдирүүнү Карзай Тегеранда, Иран президентти Хасан Роухани менен жолугушуусунан соң таратты. Билдирүүдө мындай келишимдин кабыл алынышы эки өлкөгө тең керек экени айтылат. Карзай Тегеранда сапар менен жүргөндө Ооганстанга АКШнын Коргоо министри Чак Хейгел эки күндүк сапар менен келди. Сапар жүрүшүндө Хейгел Ооганстандын Коргоо министрлигинин өкүлдөрү менен жолугуп, ооган жергесинде 2014-жылдан соң америкалык аскерлердин калышына шарт түзгөн келишимди кабыл алуу тууралуу сүйлөштү.

Буга чейин АКШ менен Ооганстан мындай келишимди даярдап, бирок президент Карзай кол коюудан баш тарткан. Иран болсо бул келишим аймактагы коопсуздукка коркунуч келтирет деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG