Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:59

Аба ырайы: чукул эскертүү


Жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу 9-10-декабрь күндөрү Кыргызстандын тоолуу аймактарында, Бишкек-Ош, Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу, Каракол-Эңилчек, Ала-Бука - Каныш-Кыя унаа жолдорунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп муз тоңот.

10-декабрда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 8 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1...-6, күндүз 8...13,
Талас жергесинде түнкүсүн -4...-9, күндүз 6...11,
Баткенде түнкүсүн 0...-5, күндүз 8...13,
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -4...+1, күндүз 8...13,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -2...-7, күндүз 2...7,
Нарын облусунда түнкүсүн -5...-10, күндүз -3...+2,
Тоолордо түнкүсүн -17...-22, күндүз -2...-7 градус болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -3…-5, күндүз 10…12 градус болот.

XS
SM
MD
LG