Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:44

Maalymat.kg сайтына чабуул болду


Бишкектеги maalymat.kg сайтына хакердик чабуул болгонун “Азаттыкка” аталган агенттиктин кызматкерлери кабарлашты. Сайт 9-декабрь күнү эрте мененки саат 9:30дарда ачылбай калган. Анын себептери техникалык кызматкерлер тарабынан аныкталууда.

Maalymat.kg сайты быйыл 1-октябрдан тарта иштей баштаган. Ага журналист Дайырбек Орунбеков ээлик кылат. Сайт орус жана кыргыз тилинде оппозициялык маанайдагы баяндарга көбүрөөк орун берип келет. Агенттиктин маалыматына ылайык, сайтка күнүгө миңден ашуун окурман кирет. (SE)

XS
SM
MD
LG