Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:20

Милиция ардагерлери жаш кызматкерлер үчүн кабатыр


Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы милиция ардагерлери күч кызматкерлерине карата коомчулуктун мамилесине тынчсызданууда. Алар Оштогу митинг учурунда милиция кызматкерлеринин сабалышына, ошол кездеги калаа башчы Мелис Мырзакматовдун милициянын дарегине айткан сөзүнө нааразы. Бул тууралуу ардагерлер бүгүн Ошто өткөн маалымат жайынында билдиришкенин шаардык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Ардагер милициялар кесиптештерине кол салгандар аныкталып, жазага тартылышын талап кылууда.

Камактагы депутат Акматбек Келдибековду бошотуу талабы менен 2-декабрда Оштун борбордук аянтында болгон митингде 14 милиция кызматкери жараат алган. Мелис Мырзакматов милицияны “кызыл шапкечен” деп атап, көпчүлүктүн катарына кошулууга чакырган. (SE)

XS
SM
MD
LG