Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:58

Таиландда парламент таратылып, жаңы шайлоо өтөт


Таиланддын өкмөтү 2-февралда эрте шайлоо өткөрүүнү сунуш кылды. Анын алдында премьер-министр Йнглак Чинват саясий кризистен чыгуу жолун табуу аракетинде парламенттин төмөнкү палатасын таратуу чечимин жарыялаган. Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн датасын расмий тастыкташы керек.

Антиөкмөттүк чыгуулар Таиландда 2 жумадай мурун башталган. 2011-жылкы шайлоонун натыйжасында бийликке келген өкмөттү иш жүзүндө экс-премьер Таксин Чинават жетектеп жатат деген демонстранттар Йинглак Чинаватты кызматынан кетүүгө үндөп жатышат. Азыркы өкмөт башчынын бир тууган агасы аскерий төңкөрүш аркылуу кулатылган. Антиөкмөттүк чыгуулардын катышуучулары Чинаватты үй-бүлөсүн коррупция жана кызматынан кыянат пайдаланганы үчүн айыптап жатышат.

XS
SM
MD
LG