Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:36

Бакуда "Евровидение" кутуму боюнча дагы 10 киши соттолду


Баку шаарынын өзгөчө оор кылмыштар боюнча соту өткөн жылы Евровидение ыр жарышы маалында теракт уюштурууну пландаган деген айып боюнча дагы бир нече кишини соттоду. Azadxeber.org веб порталынын башкы редактору Нижат Алиев 10 жылга түрмөгө кесилди. Дагы 9 киши 4 жылдан 9 жылга чейин эркинен ажыратылды.

Өткөн айда ушул эле иш боюнча 29 кишинин өкүмү чыгарылган. Анда 3 киши өмүр аягына чейин кесилген. Евровидениеден кийин Азербайжандын коопсуздук министрлиги конкурс маалында кол салууларды уюштуруу боюнча кутумдун бети ачылганын маалымдаган. 40ка жакын киши кармалган. Тергөөчүлөр ал топ кошуна Иран менен байланышта болчу дешет.

XS
SM
MD
LG