Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:50

Украина: кризистен чыгуу жолдору талкууланууда


Украинада саясий кризистен чыгуу жолдору изделип жатат. Бул өлкөдө дээрлик 3 жумадан бери нааразылык акциялары токтобой келет. Оппозиция жетектеген демонстранттар Евробиримдик менен интеграцияны жана президент Виктор Янукович баштаган өкмөттүн отставкасын талап кылышууда. Ал ортодо президент Янукович кырдаалдан чыгуу үчүн оппозиция менен тегерек үстөл өткөрүү сунушун колдоду. Андай демилгени экс-мамлекет башчы Леонид Кравчук көтөргөн.

Бүгүн Украинадагы кырдаалды талкулоо үчүн Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча комиссары Кэтрин Эштон Киевге келээри дайын болду.

Кечээ кечинде Киевде полициянын атайын күчтөрү өкмөт үйүнүн айланасындагы баррикадаларды бузуп, бир нече күндөн бери нааразылык акциясы өтүп жаткан Эгемендик майданын курчоого алды. Ал эми оппозициялык "Баткивщина" партиясынын өкүлдөрү полиция кеңсеге күч менен кирип, компьютерлерин алып кеткенин кабарлады. Мындай маалыматты алгач четке кагып жаткан Ички иштер министрлиги, кийин партиянын кеңсеси козголгон кылмыш иштин алкагында тинтүүгө алынганын билдирди. Украинанын баш прокурору болсо демонстранттарды мыйзам бузууну токтотууга жана бийликтин чыдамы менен ойнобоого чакырды.

XS
SM
MD
LG