Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Декабрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:09

Жалал-Абад: тергөө абагынын зарылдыгы белгиленүүдө


Облуста тергөө абагы болмоюн, кылмышка шектелип кармалгандардын кыйноого жана башка зордук-зомбулукка кабылуусу токтобойт. Бул тууралуу Акыйкатчынын облустагы өкүлү Алима Аманова билдирди. Анын айтуусунда, кылмышка шектелип кармалгандар сот өкүмү чыгып, жаза өтөө мекемелерине жөнөтүлгөнчө, 10-12 ай бою убактылуу кармоо жайларында олтурууга аргасыз.

- ИВСтерде олтуруунун  өзү кыйноо менен барабар, зордук-зомбулук, кыйноо болбойт деп эч ким кепил боло албайт. Анда кармалгандардын саясий жана маалымат алуу укуктары сакталбайт. Тергөө абагы курулуп, иштегенде гана абал жакшыруусу мүмкүн,- деп билдирди акыйкатчынын өкүлү бүгүн Адам укуктары боюнча өткөн жыйында. (YA)

 

XS
SM
MD
LG