Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:58

Чукул эскертүү: көчкү жүрөт


2013-жылдын 10-декабрында жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу,
Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош жолунун 121-137-км,
198-265-чакырымдарында, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайку, Каракол-Эңилчек,
Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолдорунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү
күтүлөт. Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы
жолдордо унаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы зарыл.

11-декабрда Кыргызстанда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз
көпчүлүк аймактарда жаан жаап, карга айланат, тоо этектеринде жана
тоолуу райондордо кар жаайт. Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым
жерлеринде кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон
шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде
15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -1...+4 градус, күндүзү 3...8 градус жылуу
болот. Таласта түнкүсүн 0...5, күндүзү 1...6 градус жылыйт. Баткен,
Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн 2...3, күндүзү 3...9 градус
жылуу болот. Ысык-Көлдө түнкүсүн -2...+3, күндүзү 1...6 градус жылыйт.
Нарында түнкүсүн -5...-10 суук, түнкүсүн -4..1 градус болот. Тоолордо
түнкүсүн -15...-20, күндүзү -4...-9 градус суук болот.

11-декабрда Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз
ала булут каптап турат, түштөн кийин жаан жаайт. Батыштан соккон
шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с, күндүз 14 метрге жетет. Абанын түнкү
төмөнкү температурасы 0…2 градус жылуу, күндүзгү жогорку температурасы
5…7 градус жылуу болот.

XS
SM
MD
LG