Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:53

Киевдеги "Тегерек үстөлгө" украин оппозициясы катышпады


Украиналык мартабалуу делегация шаршемби күнү Брюсселге учуп барат. Алар Евробиримдик менен жакын кызматташуу маселесин сүйлөшөөрүн президент Виктор Янукович билдирди. Бул жөнүндө Янукович Украинанын экс-президенттери Леонид Кравчук, Леонид Кучма жана Виктор Ющенко менен саясый кырдаалды талкуулаган соң маалымдады. Экс-президенттер менен сүйлөшүү тегерек стол менен коштолду. Бирок ага оппозициянын өкүлдөрү келген жок. Жыйынга Жогорку Раданын төрагасы Володимир Рыбак, премьер-министрдин орун басары Олександр Вилкул, юстиция министри Олена Лукаш, саламаттыкты сактоо министри Раиса Богатырева, башкаруучу Региондор партиясынын парламенттеги лидери Олександр Ефремов, Компартиянын лидери Петро Попов катышты.

Президент Янукович бүгүн Киевге эки күндүк сапарга келген Евробиримдиктин тышкы иштер комиссары Катерин Эштон менен жолугушууда.

АКШ Мамкатчысынын орун басары Виктория Нуланд Киевде европачыл оппозициянын лидерлери Виктор Яценюк, Виталий Кличко жана Олег Тягнибок менен жолугушту. Нуланд айым да Янукович менен кездешээри айтылууда.
XS
SM
MD
LG