Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:43

Парламентте “Кыргызгаз” маселеси каралат


Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында “Кыргызгаз” ишканасын Орусиянын “Газпром” компаниясына сатуу боюнча келишим экинчи окууда каралат. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Буга чейин аталган келишимди парламент биринчи окууда жактырган.

Макулдашууга ылайык, орус тарап «Кыргызгаздын» ордуна жаңы ишкана түзөт. 5 жыл аралыгында “Кыргызгазга” тиешелүү газ өткөргүчтөрдү жаңыртуу үчүн 20 млрд. рубль, газ корун чалгындоо иштерине 100 млн. доллар өлчөмүндө инвестиция салууга тийиш. Ишкананын дебитордук жана насыялык карыздарын төлөө да жаңы ишкананын мойнуна жүктөлгөн.

Бирок парламенттеги оппозициячыл “Ата-Журт" жана "Республика" фракциялары "Кыргызгазды" сатуу келишимине каршы чыккан. Оппозиция стратегиялык ишкананын башка өлкөгө сатылышы улуттук кызыкчылыкка каршы келет деген жүйөөнү келтирүүдө.(BkA)

XS
SM
MD
LG