Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:46

Кумтөр боюнча сүйлөшүү кийинки жумада уланат


Кумтөр кени боюнча кыргыз өкмөтү менен “Центерра Голд” компаниясынын сүйлөшүүсүнүн биринчи айлампасы аяктады. Бул тууралуу премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, сүйлөшүүлөрдө Кумтөрдөгү Кыргызстандын үлүшүн көбөйтүү маселеси талкууланып жатат. Бирок азырынча сүйлөшүүдө мурда сунушталган 50/50 пайыздык үлүш негизги вариант болуп жатат. Сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасы кийинки шейшембиде башталат.

Октябрь айында Жогорку Кеңеш Кумтөрдөгү үлүштү көбөйтүү боюнча токтом кабыл алган. Токтомдо кыргыз өкмөтүнө “Центерра Голд” менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Кыргызстандын үлүшүн 67 пайызга жеткирүү тапшырмасы берилген. Бул үчүн 23-декабрга чейин мөөнөт берилген. Эгер бул убакыт ичинде “Центерра Голд” кыргыз тараптын сунушуна макул болбосо, өкмөт келишимден бир тараптуу чыгуу жараянын башташы керек.(BkA)

XS
SM
MD
LG