“Ата-Журт” фракциясынын лидери Мыктыбек Абдылдаев “Кыргызгаз” ишканасын Орусияга сатуу боюнча эки тараптуу келишимди ратификациялоо маселеси тууралуу пикирин билдирип жатып, “Кыргызгаз” ишканасын Орусияга берүү менен Кыргызстан Орусияга буфердик аймак болуп жатканын айтып кетти.
Анын айтуусунда, Орусия ишкананы 50 млн. доллар карызы менен кошо саясий кызыкчылыгынан улам алууда, ошол эле учурда орус бийлиги бул маселеде кыргызстандык мигранттардын тагдырын да коюп жатканы жаңылык эмес.
Энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев “Кыргызгаз” ишканасын Орусиянын “Газпром” компаниясы 1 долларга сатып алып жатат деп айтылганы менен, чыныгы иш жүзүндө ишканага 650 млн. доллар инвестиция салуу, геологиялык чалгындоо иштерине 100 млн. доллар сарптоо менен кошо ишкананын мойнундагы 50 млн. доллар карызын да кошо төлөп жатат деп маалымдады.
Кыргызгаз” ачык акционердик коому 26-июлдагы Кыргызстан менен Орусиянын газ тармагындагы кызматташуу келишимине ылайык, Орусияга өткөн. Келишимге кыргыз тараптан Энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев кол койгон.(ZKo)