“Коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюмдар ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиева президенттин Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин шайлоо тууралуу мыйзамы менен макул эместигин билдирген. Ошондой эле кайрылуу ээси “Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу” боюнча мыйзамдын 43-беренесиндеги “Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин шайлоо өзүнчө мыйзам менен аныкталат” деген норма Башмыйзамга жана эл аралык стандарттарга каршы келерин белгилейт.
Токтайым Үмөталиева аталган мыйзамдын 43-беренесинин 1-бөлүгүн Башмыйзамга каршы келерин аныктоо үчүн Конституциялык палатага кайрыларын да кошумчалап, мамлекет башчыны Бишкек жана Ош шаарларынын макамы тууралуу мыйзамга кол койбоого жана кайрадан карап чыгууга кайтарууга чакырган. Кайрылуу ээси "Бишкек жана Ош шаарларынын мэри түздөн-түз шаардыктардын добуш берүүсү менен шайланууга тийиш, бул Шайлоо кодексинде бекитилүүсү зарыл" деп бекемдеген.
Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин акыркы шайлоолордо өкмөт башчы сунуштаган талапкерди шаардык кеңеш бекитип берген. Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин шайлоо боюнча мыйзам буга чейин президенттин колдоосун таппай, артка кайтарылган.(ZKo)