Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:29

Бэрд: Кыргызстан ДСУнун нормаларын бузуп жатат


АКШнын Дүйнөлүк соода уюмундагы өкүлчүлүгүнүн атташеси Квентин Бэрд Кыргызстан айрым товарларга карата уюм тарабынан орнотулган бажы нормаларын жогорулатып жатканына нааразылыгын билдирди. Бул тууралуу Кыргызстандагы АКШ элчилиги маалымдады. АКШ өкүлү белгилеген товарлардын ичине: автомобил бөлүктөрү, өндүрүш жабдыктары, алкоголдук ичимдиктер менен суусундуктар кирет. Квентин Бэрд Кыргызстанды мамлекеттик сатып алуулар боюнча ДСУнун келишимдерине кошулуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү тездетүүгө чакырды.

Ошондой эле ал Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү жараяны кандай жүрүп жатканы тууралуу да маалымат берүүсүн өтүнгөн, анын айтуусунда бул өлкөнүн тышкы саясатына таасирин тийгизет. Квентин Бэрд Бажы биримдигинин төлөмдөрү ДСУнун төлөмдөр боюнча талаптарына канчалык деңгээлде дал келерин түшүндүрүүнү талап кылды.(ZKo)

XS
SM
MD
LG