АКШнын мамкатчысынын жардамчысы Виктория Нуланд бүгүн Киевде президент Виктор Янукович менен сүйлөшкөндө «Полициянын демонстранттарга каршы соңку аракеттерин» сынга алгандыгын билдирди.
– Мен азыр президент Янукович менен эки сааттан ашык отурдум. Арай көз чарай сүйлөштүк, бирок реалдуу нерселерди сөз кылдык. Мен ага өткөн түнү болгон окуя, коопсуздук жаатында болуп жаткан нерселерге европалык мамлекетте, демократиялык өлкөдө караманча орун жок экенин айттым.
Нуланд ошондой эле ал Украинын европалык келечегин сактап калууга дагы деле мүмкүнчүлүк бар деп айткандыгын кошумчалады.
Учурда Европа Биримдигинин тышкы иштерин тейлеген Кэтрин Эштон Киевде Украинанын мурдагы үч президенти менен сүйлөшүү жүргүзүп жатканы кабарланууда. Кийин ал Янукович менен көздөшөт шекилдүү. "Азаттыктын" украин кызматы Киевдин борбордук аянтында кайрадан миңдеген киши чогулуп жаткандыгын бышыктады. Демонстранттар өткөн түнү алынып салынган чатырларды кайра орнотуп жатышат. Европа Биримдиги ал арада Украинадан келген өкүлдөр менен Брюсселде сүйлөшүү болбой тургандыгын билдирди.