Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:40

Сирия: АКШ козголоңчуларга жардамды токтотту


АКШ Сириянын түндүгүндөгү козголоңчуларга аскердик эмес жардамдарды токтотту.

Кошмо Штаттардын Анкарадагы элчилигинин өкүлүнүн билдиришинче, буга исламчылардын Батыш өлкөлөрү колдоп жаткан Сириянын эркин армиясына каршы аракети себеп болду. АКШдан соң Британия да жардам берүүнү токтоткону тууралуу чечимин жарыялады. Өткөн жума күнү Ислам фронтунун аскерлери Түркиянын чек арасынан ашып өтүп, оппозициянын Баб-ал-Хавадагы базасын ээлеп алган. Ислам өлкөсүн курууну көздөгөн бул фронт андан мурун Эркин армияны тааныбай турганын жарыялаган. Сириядагы оппозициялык күчтөрдүн ортосундагы чатак өкмөттүк күчтөр үчүн өз позициясын бекемдөөгө шарт түзүп жатат.

БУУнун эсеби боюнча, эки жылдан ашуун убакыттан берки Сириядагы жаңжалда 100 миңге жакын адам каза тапты.

XS
SM
MD
LG