Жалал-Абад Шаардык кеңешинин депутаты Нурлан Маматов “Өнүгүү” партиясынан он бир депутат шаардык прокуратурага кайрылганын билдирди. Алар шаар башчы Мухтар Арапбаевди социалдык мекемелерге каралган аянттан 20 сотых жерди өзүнө тааныш-билиш болгон беш кишиге бөлүп бергенине нааразы болушууда. М. Арапбаев ал жер социалдык жайга карабай тургандыгын жана жер алуу кезегинде турган ардагерлерге мыйзамдуу түрдө бөлүнгөнүн билдирди. Жалал-Абадда үй-жай, жер кезегинде 4500 адам турат.(YA)