Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:59

Британияда Айтматовдун мааракеси белгиленүүдө


Дүйнөгө таанымал кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдык мааракеси бүгүн Британиянын бир нече шаарларында белгиленип жатат. Кыргыз диаспоралары уюштурган чакан эскерүү кечелери Англияда, Түндүк Ирландияда, Уэльсте жана Шотландияда өтөт.

Бүгүн Лондондо илимий конференция жана эскерүү иш-чаралары өтөт. Аны Британиядагы Орусиянын элчилиги, "Россотрудничество" уюму, Мухтар Ауэзов атындагы адабият жана көркөм өнөр институту, Казак көркөм өнөр академиясы жана Англиядагы Айтматов академиясы уюштурууда.

Буга чейин жазуучунун "Маймыл кыз жана сумке" жомогунун англисче котормосунун бет ачары 8-декабрда Англияда өткөн. Лондондогу Уэмбли багында 7-декабрда Айтматовдун мааракесине арналган КМШ өлкөлөрүнүн студенттери жана дипломаттары арасында футбол таймашы да өткөн. (BAz)

XS
SM
MD
LG