Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:45

Кара-Кечедеги атышуу боюнча алты киши кармалды


Бул тууралуу “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин уюшма кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын жетекчиси Рафик Мамбеталиев билдирди.

21-ноябрда Жумгал районунун аймагындагы көмүр кенин иштетүүчү "Беш-Сары" ишканасына көмүр алганы келген отуз-кырк чамалуу кишинин ортосунда чатак чыгып, атышууга чейин жеткен жана анда эки киши жабыркаган. Облустук ички иштер башкармалыгынын болжолдуу маалыматына караганда, чыр көмүр сатып алууга келген адамдардын кезек талашуусунан улам чыккан.

Коомчулукта аталган көмүр кенин ар кандай шектүү, кылмыштуу топтор көзөмөлдөй тургандыгы айтылып жүрөт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG