Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:48

Бишкек-Ош шаарларынын макамын аныктаган мыйзамга кол коюлду


Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн “Борбордун макамы” жана “Ош шаарынын макамы” тууралуу мыйзамдарга кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Аталган мыйзамдарды Жогорку Кеңеш 27-июнда кабыл алып, президенттин кароосуна жөнөткөн. Бирок президент мыйзамдагы айрым беренелер баш мыйзамга каршы келет деп артка кайтарган болчу. Мындан соң парламент мыйзам долбоорун кайрадан карап чыгып, мындан бир ай мурун макулдашылган вариантты жиберген. Аталган мыйзамдарга ылайык, буга чейин өлкөнүн ири шаарларынын мэриясынын, шаардык кеңешинин иши "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзам менен аныкталып келсе, эми өзүнчө мыйзамдын негизинде башкарылат.

Бул мыйзам кабыл алынбаганынан улам Ош шаарынын мэрин шайлоо артка жылдырылып келген.(BkA)

XS
SM
MD
LG