Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Апрель, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:50

Сатыбалдиев эстон премьери менен жолукту

Бейшембиде өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев Эстониянын премьер-министри Андрус Ансип менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Жолугушууда эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык байланышты чыңдоо маселелери талкууланды. Сатыбалдиев Кыргызстан Эстония менен экономикалык жаатта кызматташууга даяр экенин билдирди. Андрус Ансип болсо эстон ишкерлери Кыргызстанга инвестиция салууга кызыкдарлыгын белгиледи.

Эстониянын премьери-министри кечээ Кыргызстанга иш сапар менен келген. Ал бүгүн президент Алмазбек Атамбаев менен жолугат.(BkA)
XS
SM
MD
LG