Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:09

Мамлекеттик дирекциянын ишин текшерүү УКМКга тапшырылды


Ушул тапта Жогорку Кеңештин “Республика” фракциясы Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү үчүн түзүлгөн мамлекеттик дирекциянын ишмердүүлүгүн талкуулап жатат. Жыйында айтылгандай, 2012-жылы 20дан ашуун аткаруучу фирмаларга 54 млн. сом кошумча акча берилген. Фракция лидери Назарали Арипов мамдирекциянын ишмердүүлүгүндөгү мүчүлүштүктөрдү текшерүүнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке тапшырды.

Буга чейин дирекциянын ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча атайын депутаттык комиссия түзүлгөн. Комиссиянын жыйынтыктарына ылайык, дирекция бөлүнгөн каражатты үнөмсүз пайдаланып, керексиз кызматтарды ачканы, курулуш эрежелерине жооп бербеген көп кабаттуу үйлөрдү курганы белгилүү болгон. Иликтөөнүн жыйынтыгы эбак даяр болсо да парламенттин күн тартибине кирбей жатканына айрым депутаттар нааразылыгын билдирип чыгышкан болчу.

Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү дирекциясы 2010-жылдын июнь окуясынан кийин түзүлгөн. Ал жабыркагандарга жардам, курулуш жана каржылык көмөктү жөнгө салуу милдетин аткарып келген. Дирекция мамлекеттик башкарууну оптимизациялоо боюнча комиссия сунушуна байланыштуу быйыл январь айында жоюлган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG