Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:29

Түрмөдө паспортсуз олтургандардын укугу бузулууда


Акыйкатчынын Жалал-Абад облусундагы өкүлү Алима Аманованын "Азаттыкка" айтымында, кримтөбөл атыккан Азиз Батукаев бошотулгандан кийин түрмөдөгүлөргө паспорт берүү токтоду. Мунун айынан Жалал-Абаддагы №10- жаза өтөө мекемесинде жаза мөөнөтүн өтөгөндөр жаңы төрөлгөн балдарын өз аттарына жаздыра албай, никесин каттата албай жатканына даттанышты. Алардын 95 пайызынын паспорту жок. Нике катталбагандан кийин алардын үй-бүлөсүнүн да укугу бузулууда. Айрыкча жаңы төрөлгөн ымыркай өз атасынын атын албай, мыйзамсыз төрөлгөн бала катары апасынын фамилиясына катталууда. (YA)

XS
SM
MD
LG