Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:55

КСДП Ниязалиеваны комитет жетекчилигинен чакыртып алат


Жогорку Кеңештин Социал-демократтар фракциясы Социалдык саясат комитет жетекчилигинен Дамира Ниязалиеваны чакыртып алат. Анын ордуна депутат Эркин Сакебаевдин талапкерлигин сунушташат. Бул маалыматты “Азаттыкка” аталган фракциянын атын купуя калтырууну өтүнгөн депутаты тастыктады. Маалыматка ылайык, комитеттин ишин жакшыртуу үчүн фракция ротация кылууну максат кылып жатат.

Буга чейин бир катар бейөкмөт уюмдар депутат Дамира Ниязалиева ЖКдагы социалдык саясат комитетин жетектебесин деп чыгышкан. Алар Ниязалиева комитет башында туруп, өзүнүн бизнес кызыкчылыктарын жакташы мүмкүн дешет. Ниязалиеванын жакындарынын бир катар дары-дармек саткан ишканалары бар экени айтылып жүрөт. Бирок депутат Дамира Ниязалиева мындай дооматтарга макул эместигин билдирген. Бүгүнкү фракция жыйынына ал катышкан жок. (КЕ)

XS
SM
MD
LG