Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:08

Ысык-Көлдө кургак учукка чалдыккандар азайды


Бул тууралуу “Азаттыкка” облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунун директору Жаңыл Акунова билдирди. Анын айтымында, ушул жылдын 11 айында 286 адам кургак учук менен ооруганы аныкталган. Бул былтыркы жылдын ушул айларына салыштырмалуу 12 адамга аз. Илдетке кабылган балдардын саны былтыр 42ге жетсе, быйыл 24 бала ооруган.

- Илдетке чалдыккандар азайды. Бирок жугуштуу түрү менен ооругандардын саны өсүүдө. Мисалы былтыр кургак учуктун ачык формасы менен 81 адам ооруса, быйыл ал 99 адамды түздү. 286 адамдын ичинен 200ү дем алуу органдары жабыркагандар. Калгандары кургак учуктун ар түрдүү формасы менен оорушат,- деди Акунова. (МК)

XS
SM
MD
LG