Синоптиктердин маалымдоосу боюнча, 13-14-декабрда жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу Каракол-Эңилчек (45-90-чакырым) унаа жолунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт.
15-17-декабрда күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош (121-137-км, 198-265-чакырым), Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайку (45-90, 145-150), Каракол-Эңилчек (45-90), Ала-Бука–Каныш-Кыя (62-100) унаа жолдорунда кар көчкүсү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо унаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы зарыл. (КЕ)