Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:00

Ошто милициялар митингге чыкты


Бүгүн Ош облустук прокуратура имаратынын алдына 100гө чукул милиция кызматкерлери митингге чыкты. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош облустук ички иштер башкармалыгынын атын атагысы келбеген кызматкери билдирди. Алар 4,5 млн. доллардын жоголушу боюнча шектелген Мирбек Тешебаевди кыйноого алган делип айыпталып жаткан 7-8 милиция кызматкерин колдоп чыгышкан. Бүгүн милициялар суралып, алардын баш коргоо чарасы чечилиши керек.

Башкы прокуратуранын маалыматына таянсак, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери Тешебаевди 4,5 млн. доллар уурдаган каракчылыкка шектүү адам катары кармап, кылмыш ишин мойнуна алдыруу максатында кыйнашкан жана аталган ишти жабуу үчүн 5 миң доллар талап кылышкан.

Бул окуяга байланыштуу Башкы прокуратура Ош облустук ички иштер башкармалыгынын бир катар кызматкерлерине 4 берене боюнча кылмыш ишин козгогон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG