Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:52

Пакистан: эмдөөгө каршы кол салуу болду


Пакистанда балдардын шал оорусуна каршы эмдөө кампаниясы жанданган күнү бери дегенде 3 кишини өлтүрүп кетишти. "Азаттыктын" Пакистан кызматы кабарлагандай, белгисиз бирөөлөр эмдөө жасаган топту коштоп жүргөн эки полициячыны атып кетишти. Окуя бүгүн Пешавар чөлкөмүндө болду. Маалыматка караганда, кол салгандар дароо качып кетишти. Дагы бир жерде болсо вакцинацияга тартылган бир активист өз үйүндө ок жеп каза тапты. Согушкерлер "Батыш эмдөөгө жамынып, мусулман балдарды тукумсуз кылып жатат" дешет. Пакистан балдардын шал оорусу кеңири тараган өлкөлөрдүн бири.

XS
SM
MD
LG