Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:42

Чиновиктердин спартакиадасы жыйынтыкталды


Бүгүн Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинде Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын кызматкерлеринин арасында спартакиада жыйынтыкталды. Агенттиктин директору Мурат Саралиновдун “Азаттыкка” айтымында, 7 күнгө созулган спорттун 12 түрү боюнча мелдештерге 40 министрлик-ведомстволордун командаларынан жалпы 1714 адам катышты. «Спартакиада тийиштүү деңгээлде өттү, калыстарга дооматтар жана эскертүүлөр айтылган жок. Кийинкисинде спорттун дагы бир нече түрүн кошолу деп жатабыз», - деди Саралинов.

Каржы министринин орун басары Арзыбек Кожошев, кийинки жылдары өтүүчү оюндарда 1-15-орунду ээлеген командаларга сый акы берүү үчүн бюджеттен акча каражаты каралып жатканын билдирди. «Бул, командалардын активдүү катышуусуна түрткү болмокчу», - деди А.Кожошев.

Мамлекеттик органдардын жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери арасында Спартакиаданын жеңүүчүлөрү жана байге ээлери төмөнкүлөр болду:

Күч түзүмдөрү арасында

I орун - Ички иштер министрлиги
II орун - Коргоо министрлиги
III орун - Мамлекеттик бажы кызматы

Мамлекеттик мекемелер арасында

I орун - Каржы министрлиги
II орун - Экономика министрлиги
III орун - Мамлекеттик салык кызматы
Жеңүүчү командаларга Агенттиктин кубоктору, медалдары жана дипломдору тапшырылды. (КМа)

XS
SM
MD
LG