Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:43

Жалал-Абад: “атажуртчулар” үч жылга шарттуу кесилди


Жалал-Абад облустук соттук коллегиянын азыр бүткөн өкүмү менен мурда Кылмыш-жаза кодексинин 295-297-беренелери боюнча айыпталышкан "Ата-Журт" партиясынын аймактагы жактоочулары: Медер Үсөнов, Шайырбек Ташиев, Медер Үсөнов, Жеңишбек Токторбаев менен Абсатар Сыргабаев боюнча Жалал-Абад шаардык сотунун 6-ноябрдагы өкүмү өзгөртүлдү. Облустук прокуратуранын 15-ноябрдагы аппеляциялык арызы жарым-жартылай канааттандырылды.

Сот чечимине ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренесинин 2-бөлүгү, 297-беренесинин 1-бөлүмү менен Медер Үсөнов, Жеңишбек Токторбаев күнөөлүү деп табылып, 3 жылдык сынак мөөнөтү менен 6 жылга шарттуу, ал эми Шайырбек Ташиев 3 жылдык сынак мөөнөтү менен 5 жылга шарттуу кесилди. Абысатар Сыргабаев 297-берене боюнча күнөөсү жок, 233-берене боюнча күнөөлүү деп табылып, 3 жылдык сынак мөөнөтү менен 4 жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылды.

Буга чейин Жалал-Абад шаардык соту 6-ноябрдагы өкүмү менен аларды төрт жылдан алты жылга чейин шарттуу кескен.

“Ата-Журт” партиясынын аймактагы жактоочулары: Медер Үсөнов, Шайырбек Ташиев, Жеңишбек Токторбаев жана Абсатар Сыргабаев "бийликти күч менен басып алган", "күч менен басып алууга чакырган" жана "массалык башаламандык уюштурган" деп күнөөлөнгөн. Соттолуучулар бул айыптарды четке кагып, 2013-жылдын 31-майында “атажуртчу” депутаттарды камактан бошотуу талабы менен гана чыгышканын, бийликти басып алуу пландалбаганын билдиришкен.

31-майда Жалал-Абадда "Ата-Журттун" камалган депутаттары К.Ташиев, С.Жапаров, Т. Мамытов) боюнча нааразылык акцияга чыккандар облустук акимчиликти басып алган. Анда Медербек Үсөнов “элдик губернатор” деп жарыяланган. Кийин Үсөновду Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет камакка алганда аны колдогондор Барпы айылынын тушунда Ош-Бишкек жолун буушкан. (YA/КЕ)

XS
SM
MD
LG