Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:10

Кадамжай шаар мэрине ишенбөөчүлүк көрсөтүлдү


Баткен облусундагы Кадамжай шаарынын мэри Асанбай Пазыловго жергиликтүү кеңештин 21 депутатынын 14ү ишенбөөчүлүк көрсөттү. Шаар мэри Асанбай Пазылов депутаттар анын аракети менен болгон шаардагы өнүгүүлөрдү, бюджеттеги өсүүнү эске албай шашылыш чечим чыгарды деп эсептейт. Анын айтымында, депутаттар шаар жетекчилигинин отчетун угушкан жок. Ал өкмөттүк комиссия бул маселени териштирээрин күтүп жатканын кошумчалады.

Ал эми шаардык кеңештин депутаты Толкунбек Камбаров депутаттардын чечимине бюджеттик комитеттин жана фракциялардын сунушу негиз болгонун билдирди.

Шаардык кеңеште “Ата-Журт”, “Бүтүн Кыргызстан”, Республика жана КСДП фракциялары бар. Пазылов ушул жылдын январь айында шайланган. (JsA)

XS
SM
MD
LG