Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:17

Лондондо "Сирия досторунун" жолугушуусу өттү


Жума күнү Лондон шаарында 11 өлкө кирген "Сириянын достору” (АКШ, Британия, Франция, Германия, Италия, Египет, Катар, Түркия, Бириккен Араб Эмираттары, Иордания жана Сауд Аравия) деп аталган топтун жогорку даражадагы өкүлдөрү менен Сириянын оппозициялык улуттук коалициясынын лидерлери жолугушту. Бул тууралуу "Азаттыктын" орус кызматынын Лондондогу кабарчысы билдирди.
Жолугушуунун соңунда 15 пункттан турган документ кабыл алынды. Анда Сириянын улуттук коалициясы Женевада өтчү сүйлөшүүгө катыша турган сириялык жалгыз оппозициялык топ деп көрсөтүлөт. Ошондой эле кабыл алынган документте Иран менен “Хезболла” тобуна Сириядан өз куралчан отряддарын чыгарып кетүүгө кайрылуу жасалат. "Сириянын достору" эл аралык коомчулукту качкындарга жардамды көбөйтүүгө чакырат.

Улуттар уюмунун эсеби боюнча, эки жылдан ашуун убакыттан берки Сириядагы жаңжалда 00 миңге жакын адам каза тапты, эки миллиондой киши качкын болду.

XS
SM
MD
LG