Республикачыл сенатор Жон Маккейн Украинадагы массалык толкундоолордун катышуучуларына колдоо көрсөтүү жана украин өкмөтүнүн өкүлдөрү менен жолугушуу максатында Киевге баратат. Сенатордун маалымат катчысы Брайан Рожерс Украина өз келечеги үчүн күрөшүп жаткан маалда Маккейн Киевге бараарын айтты. Бейшембиде Маккейн Кошмо Штаттарды Украина менен алакаларды жүргүзүүдө активдүү болууга чакырып, украин бийликтерин нааразылыкка чыккандарга каршы күч колдонгону үчүн сындады.
Демократ сенатор Крис Мёрфи Украинага жекшембиде барат.
Демократ сенатор Крис Мёрфи Украинага жекшембиде барат.