Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:18

Кыргыз депутаты Киевде европачыл демонстранттарды колдоду


Равшан Жээнбеков Киевдеги аянтта сүйлөп жатат, 15-декабрь, 2013
Равшан Жээнбеков Киевдеги аянтта сүйлөп жатат, 15-декабрь, 2013
Украинага барган Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков бүгүн Киевдеги демонстранттардын алдына чыгып, алардын аракетин колдой турганын айтты. Ал нааразылык акциясынын миңдеген катышуучуларына тилектеш экендигин бүгүн Евромайдандагы трибунада билдирди. Депутат Киевге 14-декабрь күнү барган.

Окуя болуп жаткан жерде жүргөн кабарчыбыздын айтымында, демонстранттардын саны улам көбөйүп жатат. Агрессивдүу аракеттер болгон жок. Катышуучуларга маданият кызматкерлери ыр тартуулоодо.

Украин жетекчилиги Евробиримдик менен ассоциация түзүүгө макул болбой койгондон кийин өлкөнүн Киев баштаган бир катар шаарларында 21-ноябрдан бери массалык нааразылыктар уланууда. (SE)

XS
SM
MD
LG