Бүгүн Ош шаарында Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин көчмө жыйыны өтөт. Жыйынга депутаттар, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, күч органдарынын кызматкерлери жана укук коргоочулар катышат. Анда эмгек мигранттарынын укуктары жана жабык жайлардагы кыйноолор боюнча маселе талкууланат. Жыйын соңунда адам укугун сактоо боюнча сунуштар мамлекеттик органдарга сунушталат. Жыйын БУУнун адам укуктары боюнча конвенациясынын кабыл алынышынын 65 жылдыгына арналып өткөрүлүүдө.(BkA)