Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:42

Кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча сүйлөшүү өтөт


Жакынкы жумаларда кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча өкмөттүк комиссиялардын жолугушуусу башталат. Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн чек ара аймактарын өнүктүрүү жана чек араны тактоо боюнча бөлүмүнүн башчысы Курбанбай Искандаров кабарлады. Анын айтымында, кыргыз тарап бул жолугушууну 24-декабрда өткөрүүнү сунуштады. Азырынча тажик тарап жооп бере элек. Искандаров кошумчалагандай, жолугушууда кыргыз-тажик чек арасындагы такталбаган аймактар боюнча маселелер каралат. Алардын катарында Баткендеги Максат-Кулунду жолунун курулушун жандандыруу боюнча сүйлөшүүлөр өтөрү болжолдонууда.(BkA)

XS
SM
MD
LG