Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:29

Кытай: Шиңжаңдагы кагылышуудан 16 адам набыт болду


Кытайдын батышында жайгашкан Шиңжаң-Уйгур автономдук районундагы кагылышуудан улам 16 адам каза болгондугу кабарланууда. Алардын арасында эки полициячы да бар.

Бийликтердин кабарлашынча, башаламандыктар жекшемби күнү кечинде Кашкар шаарынын жанында орун алган. Анда кылмыштарга шектүү адамдарды камаганы барган полиция рейд учурунда чабуулга дуушар болгон. Аларга кол салгандар бычак жана жардыргыч заттар менен куралданган. Полиция жооп иретинде ок чыгарган. (AiK).

XS
SM
MD
LG