Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:25

Түркия жана ЕБ мигранттар жана визалар боюнча келишимдерге кол коюшту


Европа Биримдигине Түркия аркылуу келген мыйзамсыз мигранттар боюнча келишимге кол коюлду. Документке ылайык, Европа Биримдигинин аймагына Түркия аркылуу мыйзамды бузуп кирген мигранттарды ЕБ кайрадан Түркияга жөнөтө алат. Келишимге Анкарада Түркиянын тышкы иштер министри Ахмет Давутоглу жана Еврокомиссиянын ички иштер боюнча мүчөсү Сесилия Мальмстрем Анкарада кол коюшту.

Евробиримдикке мүчөлүккө талапкер болгон Түркия аркылуу Жакынкы Чыгышка жана Африкага мыйзамсыз миграциянын негизги маршруту өтөт.

Бул кырдаал боюнча сүйлөшүүлөр Европа Биримдиги менен көп жылдарга созулуп кеткен. Анкара Түркиянын жарандары үчүн Европа Биримдигинен визанын жоюлушун талап кылып келет.

Давутоглу менен Мальмстрем эми визалык жеңилдетүүлөр боюнча сүйлөшүүлөрдүү баштоону камтыган келишимге кол коюшту (AiK).

XS
SM
MD
LG