Облустук “Ош жаңырыгы” гезитинин башкы редактору Талант Моңолбаев кан басымы жогорулап, 52 жашында каза болду. Бул тууралуу Оштогу Жалпыга маалымдоо каражаттарынын ресурстук борборунан билдиришти.
Журналист 15-декабрь күнү кайтыш болду. Аны менен коштошуу зыйнаты 17-декабрда өз үйүндө болот.
Талант Моңолбаев Кара-Кулжа районундагы Капчыгай айылында туулган. Облустук гезитке редактор болуп келгенге чейин “Эл маселеси”, “Ош шамы” гезиттерин жетектеген. Облустук бийликте басма сөз катчы болуп да иштеген. (SE)