Дүйшөмбү күнү унааларды жардыруудан кеминде 12 адам мерт кетти жана 30дан ашуун адам жараат алды. Бул тууралуу жергиликтүү массалык маалымат каражаттары кабарлашты. 3 жардыруу Багдаддын борборунда болуп, дагы бир унаа Багдаддын түштүк-чыгышында жарылган.
DPA агенттигинин маалыматы боюнча, полиция башкармалыгы белгисиздер тарабынан басып алынган Баиджи шаарында коменданттык саат жарыялады. Полцияга чабуула жасагандар андан мурун имараттын алдында унааны жардырышкан. Ал жерде 4 полциячы каза болду. Учурда полиция кайрадан өз штаб-квартирасын көзөмөлдөөдө. Баиджи Багдаддан 210 чакырым алыстыкта жайгашкан.
Associated Press агенттигинин маалымдашынча, ушул айдын башынан бери Иракта ар кандай чабуулдардан 214 адам набыт болду. (AiK)