Кыргызстандагы ооган качкындары бүгүн Бишкектеги Бириккен улуттар уюмунун үйүнүн жанына пикетке чыгышты. Алар кыргыз жарандыгын ала албай жатканына нааразы экенин айтышты.
Ооган качкындары менен БУУнун социалдык кызматкери Кыялбек Темишов сүйлөшүп, маселени жарандык берүү боюнча мамлекеттик комиссия чечерин түшүндүрдү. Бишкектеги БУУ кеңсесинен “Азаттыкка” билдиришкендей, акцияга чыккандар талаптары аткарылмайынча нааразылыкты уланта берерин айтып, тарап кетишти.
БУУнун Качкындар иши боюнча комиссариатынын маалыматына ылайык, 1996-жылдан бери 96 ооган качкыны Кыргызстандын жарандыгын алган. Соңку он беш жылда Кыргызстанга 10 миңге жакын качкын келген. Алардын 80 пайызга жакынын ооганстандыктар түзөт. (SE)