Узундугу 433 чакырым келген Жалал-Абад-Балыкчы унаа жолун куруу 2014-жылдын март айында башталат. Бул тууралуу Транспорт жана байланыш министрлигинин алдындагы инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча топтун башчысы Кубаныч Мамаев бүгүн Жалал-Абадда болгон жыйында билдирди.
Анын айтымында, жол куруу иштери үч жылга созулат. Сметалык баасы 850 миллион доллар. Курулуш долбооруна макулдугун билдирип, президент Алмазбек Атамбаев 6-декабрда кол койгон. (YA)
Анын айтымында, жол куруу иштери үч жылга созулат. Сметалык баасы 850 миллион доллар. Курулуш долбооруна макулдугун билдирип, президент Алмазбек Атамбаев 6-декабрда кол койгон. (YA)