Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:24

Ирактагы жардыруулардан кеминде 47 адам мерт кетти


Дүйшөмбү күнү ар кандай чабуулдардан жана жардыруулардан кеминде 47 адам набыт болгонун Ирак бийликтери кабарлашууда. Өлкөнүн түндүгүндө жайгашкан Мосул шаарында согушкерлер автобусту аткылашып, 12 адам мерт кетти. Багдадда жана анын жанында унааларды жардыруудан кеминде 17 адам ажал таап, 40тан ашуун киши жараат алды. Ушул эле күнү Тель-Афар шаарында кеминде 6 шиит зыяратчысы өтүрүлдү.

DPA агенттигинин маалыматы боюнча, полиция башкармалыгы белгисиз топ тарабынан басып алынган Баиджи шаарында коменданттык саат жарыялады. Полцияга чабуула жасагандар андан мурун имараттын алдында унааны жардырышкан. Ал жерде 4 полциячы каза болду. Учурда полиция кайрадан өз штаб-квартирасын көзөмөлдөөдө. Баиджи Багдаддан 210 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Associated Press агенттигинин маалымдашынча, ушул айдын башынан бери Иракта ар кандай чабуулдардан 214 адам набыт болду.

XS
SM
MD
LG