Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:26

Орусия: Калининградга ракета жайгаштыруу мыйзамдуу


Орусия “Искандер-М” аталышындагы жакынкы аралыкка атуучу баллистикалык ракетасын өз аймагынын батыш тарабына жайгаштыруусу эч бир эл аралык келишимге каршы келбейт. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлиги Bild аттуу немис журналындагы макалага жооп катары билдирди.

Аталган журнал Орусия ракеталык комплекстерди Калининград облусунун аймагына жайгаштырганын жазып чыккан. Калининград НАТОго мүчө болгон Польша жана Литвага чектеш жайгашкандыктан аталган өлкөлөр тынчсыздануусун билдирди. Буга чейин орус бийликтери бир канча жолу АКШнын ракеталык коргоо системасына жооп катары Калининградга баллистикалык ракета жайгаштыраарын эскертип келген.

XS
SM
MD
LG