АКШ Орусия батыш чек ара аймагына кыска аралыкка учуучу ракеталарын жайгаштырды деген кабарларга камтамасын билдирди. Мамлекеттик департамент маалымдагандай, Вашингтон Москваны региондогу абалды дестабилдештирбөөгө үндөдү. "Искандер" ракетасынын заманбап версиясы 500 километр аралыкка учууга жана ядролук дүрмөттү ташууга кудуреттүү.
16-декабрда Польша, Литва, Эстония жана Латвия ракеталардын алардын чек араларына жакын жерге орнотулаарына тынчсыздануусун айтышкан. Орусия АКШнын антиракеталык система боюнча пландарына жооп иретинде Калининградга ракеталарын жайгаштырарын көптөн бери айтып келген.
АКШнын коргоо министри Чак Хэйгел Орусиянын коргоо мекемесинин жетекчиси Сергей Шойгуга Ирандын ядролук программасы боюнча келишим ракетадан коргонуу системасынын кереги жок дегенди билдирбейт деп эсептээрин айткан.