Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:14

Москва Киевге 15 миллиард доллар насыя берет


Орусия Украинага 15 миллиард доллар насыя жана арзан газ убада кылды. Бул тууралуу эки өлкөнүн президенттери Владимир Путин менен Виктор Янукович Москвада жолугушкандан кийин жарыяланды. Путиндин айтымында, газдын баасы үч эсе арзандатылып, 1 миң куб метри 268,5 долларга сатылмакчы.

Президент бул убактылуу чара экенин кошумчалады. Орус мамлекет башчысы ошондой эле чукул фонддон 15 миллиард доллар Украинанын баалуу кагаздарына конвертацияланарын айтты.

Европачыл оппрозиция бүгүн өз тарапкерлерин Киевдин борбордук аянтына чогулууга үндөгөн. Оппозиция лидерлери президент Бажы биримдигине кошулуу багытында келишимге кол коюшу мүмкүн деп чочулаган. Бирок Путин маселе бүгүнкү жолугушууда козголбогонун билдирди.

Ноябрдын этегинен бери евроинтеграциянын жактоочулары Киевде нааразылык акцияларын өткөрүп келатат.

XS
SM
MD
LG