Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:35

Бүгүн - мигранттардын эл аралык күнү


Бул датага байланыштуу Бишкекте миграция маселелерине арналган Кыргызстан, Тажикстан, Казакстан жана Орусиянын аймактары менен түз теле байланыш уюштурулат. Аны Эл аралык миграция уюму жана “Борбор Азия кыймылда” уюму биргелешип уюштурууда. Өкмөт, эл аралык жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышкан түз байланышта Борбор Азия өлкөлөрүндөгү миграция саясаты, мигранттарга көрүлгөн камкордуктар талкууланат.

Кыргызстандык эмгек мигранттары негизинен Орусияда жана Казакстанда иштейт. Расмий маалымат боюнча, ушу тушта Орусияда 570 миңдин тегерегинде кыргызстандык жаран бар. Бирок иш жүзүндө алардын саны миллионго чейин жетери айтылууда. Кыргызстандан чет жактан жарандар которгон каражаттын 98% да Орусиядан келет. Улуттук банк билдиргендей, жылдын алгачкы он айында Кыргызстанга 1.87 миллиард доллар которулган. Бул сан былтыркыдан 8% көп.(BKA)

XS
SM
MD
LG