Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:20

“Эйр Кыргызстан” жаңы учак сатып алууну көздөөдө


“Эйр Кыргызстан” компаниясы орусиялык “Сухойдун жарандык учактары” компаниясынан Superjet-100 үлгүсүндөгү эки учак сатып алууну көздөөдө. Бул боюнча кызматташуу меморандумуна шейшембидеги кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйында кол коюлду.

Компаниянын президенти Жолдошбек Бектургановдун “Азаттыкка” айтымында, бир учакты техникалык грант, экинчи учакты болсо лизинг аркылуу сатып алууну көздөөдө. Бул үчүн компания Транспорт жана коммуникациялар министрлигине атайын өтүнүч кат да жиберди. Азырынча учак баасы бычыла элек. Жакынкы аралыкта орусиялык компания учактын баасы боюнча коммерциялык сунуш жөнөтүшү керек.

Superjet-100 үлгүсүндөгү учак 2008-жылдан чыгарыла баштаган. Баштапкы баасы 35 миллион долларды түзгөн учакка 103 адамга чейин батат.(BkA)

XS
SM
MD
LG