Чүйдүн Красная Речка айылындагы балдар үйүнө жардам берүү акциясын “Түрк тилдүү өлкөлөрдүн студенттери” коомдук бирикмеси уюштурууда. Аталган бирикменин төрагасы Айдин Данияровдун “Азаттыкка” билдиришинче, учурда балдар үйүнө керектүү окуу куралдары, кийим-кечектери студенттер тарабынан чогултулуп жатат. Анда борбордогу окуу жайлардын студенттери мүмкүнчүлүгүнө жараша китеп, кийим-кечелерди алып келип беришүүдө. Акция 26-декабрга чейин уланып, 28-декабрда балдар үйүнө тапшырылат. Аталган бирикме буга чейин да бир нече балдар үйүндө кайрымдуулук акцияларын өткөрүп келген.